Site icon Reporter.kg

Футбол турнири: Садыр Жапаровдун командасынын атаандаштары кимдер?

4-5-майда Бишкекте өтө турган футзал боюнча Мурас турниринин чүчүкулак аземи бир күн мурун Кыргызстандын футбол союзунун кеңсесинде өттү. Бул тууралуу Кыргызстандын футбол союзунан билдиришти.

Турнирге 12 команда катышат. Ар бир тайпадан экиден плей-оффко чыгат.

“А” тобу: “Президенттик аппарат”, “Ден-соолук”, “Жогорку Кеңеш”;

Б тобу: «Өнөр», «Билим», «Ыйман»;

С тайпасы: «Бизнес», «Элчилер», «Спорт федерациялары»;

Г группасы: «Алга», «Райондор», «Журналисттер».

Эске салсак, достук турнирге коомдун ар кыл тармагынын өкүлдөрүнөн түзүлгөн командалар: мамлекет башчынын администрациясы, маданият, бизнес, ЖМК, спорт федерациялары, футбол ардагерлери, Жогорку Кеңештин депутаттары, облус жетекчилери катышат.

Турнирдин негизги максаты өлкөдө спортту өнүктүрүү жана сергек жашоого үндөө экени айтылат. Турнир салтка айланып, жылына эки жолу өткөрүлөт.

Exit mobile version