Бишкекте «Мурас» футболдук мелдешинин экинчи күнү өтүүдө. Бул туурасында өлкө башчынын басма сөз кызматынан билдирди.
Маалыматка караганда, жарым финалдык беттештер өтүп, анын жыйынтыгында финалдык оюнчулар аныкталды. Алар: Президенттин Администрациясынын жана Жогорку Кеңештин командалары.
Учурда үчүнчү орун үчүн «Алга» ардагерлер командасы менен «Ыйман» командасы күч сынашууда.