Site icon Reporter.kg

Футзал: бүгүн Бишкектеги турнирде лидерлер беттешет

Бишкек шаарында өтүп жаткан Кыргызстандын футзал ассоциациясынын кубогунун экинчи оюн күнү жыйынтыкталды.

16-мартта “Шавкат” 3:5 эсеби менен тажикстандык “Истиклолго” жеңилсе, “Фарватер” 5:1 менен “Кара-Дарыяны” утуп алды.

Эки оюн күндүн жыйынтыгы менен “Кара-Дарыя” жана “Шавкат” командалары турнирден четтеди.

Бүгүн, 17-мартта “Истиклол” — “Steelex” жана “Мурас” – “Фарватер” командалары беттешет.

Оюндар Бишкек шаарындагы “Газпром” спорт аренасында саат 17:20 жана 19:20да өтөт.

Exit mobile version