Site icon Reporter.kg

Гүлзат Мамытбек экинчи күйөөсү Хуан Буэндиа менен ажырашканын ачыктады — фото

«Тур, турагой кыргызым», — деп кыргыз элине таанылган Гүлзат Мамытбек экинчи күйөөсү америкалык режиссёр Хуан Буэндиа менен ажырашканы белгилүү болду. Бул тууралуу Гүлзат Мамытбек өзү билдиргенин «bars.media» жазып чыкты.

Ал аталган басылмага маек берип жатып, Хуан Буэндиа анын балдарына мээрим төгө албаганынан эки ажырым жолго тушкөндөрүн билдирди.

«Хуан менен баш кошуп жатканда бир топ нерселерди байкай албай калыптырмын. Менин балдарыма жакшы мамиле кыла албай койду. Ошол себептен ажыраштым. Ал менин жолдошум болгондон кийин менин балдарыма мээрим төгүшү керек болчу. Хуан мага чейин үйлөнгөн эмес, балдары жок, а меники бар. Мен балдарымды жакшы көрөм. Мага жолдош болгон адам менин балдарыма ата болушу керек.

Негизи баш кошуп жатканда нике келишимин түзүп алыш керек экен. Биз ажырашалы деп айтканымда Хуан оор кабыл алды. Мен Хуанга экөөбүз дос бойдон калалы деген сунушумду бердим. Ошентип экөөбүз достук мамилебизди сактап калдык. Алдыда Хуан менен биргеликте «Манас» аттуу кино тартабыз. Эми ал менин досум жана кесиптешим болуп калды», — деп билдирген Гүлзат Мамытбек.

Эскерте кетсек, Гүлзат Мамытбек менен Талант Курманкуловдун ортосунда 3 бала бар. Учурда ырчылык менен да алектенип жүргөн Гүлзат Мамытбек америкалык режиссёр Хуан Буэндиага 2018-жылдын декабрь айында турмушка чыккан болчу.

Exit mobile version