Гүлнара Каримованын уулу абактагы апасынын мөөнөтү дагы узартылганын айтты

Гүлнара Каримованын уулу абактагы апасынын мөөнөтү дагы узартылганын айтты

Өзбекстандын биринчи президентинин тун кызы Гүлнара Каримованын түрмөдөгү мөөнөтү дагы узартылды. Бул тууралуу соттолуучунун Лондондо жашаган кызы Иман “Инстаграмдагы” баракчасына жазды. Бирок ал жаза мөөнөтү качан, ким тарабынан жана канчага узартылганын билдирген жок.

Иман Каримова өзбек өкмөтү апасын “айыптоолорго көмүү” үчүн бардык мыйзамсыз ыкмаларды колдонуп жатканын белгилеген. Ал тергөөнүн максаты – өлкөдөгү бардык экономикалык жана социалдык көйгөйлөр үчүн Гүлнара Каримованы айыптоо экенин билдирди.

Анын айтымында, Гүлнара Каримованын жаза мөөнөтү бешинчи жолу узартылды. Маалыматка караганда, жакында анын ишине “жашыруун” деген мөөр да басылган.

«Ошентип, адвокаттар, ал гана эмес жакын туугандары да Гүлнаранын иши жана саламаттыгы тууралуу кабарсыз калды. Өкмөттө анын ден соолугунун начарлашына ким кызыктар экени жакын арада ачыкка чыгат», – деген Иман Каримова.

Каримовага 2015-жылы Швеция, Швейцария менен АКШда кылмыш иштери козголуп, миллиард доллардай каражатты өздөштүрүп алган деп айыпталган. 2017-жылы атасы көз жумгандан кийин Каримова Өзбекстанда «Салык төлөөдөн качуу», «Акча уурдоо», «Опузалоо» жана «Офшордук компаниялардын документтерин жок кылуу» беренелери боюнча 10 жылга эркинен ажыратылган.

Кийин үй камагына которулуп, бирок быйыл март айында үй камагынын тартибин бузган деген айып менен Ташкент облусундагы абакка киргизилген. Азыр анын жалпы жаза мөөнөтү канча экени белгисиз.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>