Гүлнара Каримованын уулу: Апамдын тагдырын чечүү Саида Мирзиёевага тапшырылган

Гүлнара Каримованын уулу: Апамдын тагдырын чечүү Саида Мирзиёевага тапшырылган

Ташкентте Өзбекстандын мурдагы президентинин кызы Гүлнара Каримовага карата жаңы тергөө иштери өтүүдө. Гүлнара Каримова бул сапар уюшкан кылмыштуу топту жетектөөгө айыпталууда. Бул тууралуу аталган өлкөнүн Башкы прокуратурасы билдирди.

12-декабрда анын кызы Иман Каримованын «Инстаграм» баракчасында тергөөчү чыгарган токтомдун көчүрмөсү жарыяланды. Документте Каримовага карата «комплекстүү экспертиза» жүргүзүү зарылдыгы айтылган. Анын максаты – Гүлнара Каримова менен байланыштуу коррупциялык жаңжалдын Өзбекстанга тийгизген моралдык жана экономикалык зыянын аныктоо.

Өз токтомунда тергөөчү Расул Юлдашев «комплекстүү экспертиза» өткөрүүнү Өзбекстан президентинин администрациясынын алдындагы Маалымат жана массалык коммуникация агенттигине тапшырган.

Агенттиктин жетекчилеринин бири – Өзбекстандын азыркы президентинин тун кыз Саида Мирзиёева.

– Башкача айтканда, эми Гүлнара Каримованын тагдырын түздөн-түз жаңы президенттин кызы чечип калат. Бул кызыкчылыктар кагылышы гана эмес, Гүлнара Каримованын иши толугу менен саясий өңүттө экенинин далили. Негизги максат – Гүлнара Каримованы жок кылуу, – деп жазылган Иман Каримованын «Инстаграм» баракчасында.

2017-жылы атасы көз жумгандан кийин Гүлнара Каримова Өзбекстанда «Салык төлөөдөн качуу», «Акча уурдоо», «Опузалоо» жана «Офшордук компаниялардын документтерин жок кылуу» беренелери боюнча 10 жылга эркинен ажыратылган.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>