Site icon Reporter.kg

Гүлнара-Клара Самат Кыргызстандын Орусиядагы элчиси болду

Гулнара-Клара Самат Кыргызстандын Орусиядагы Атайын жана  Ыйгарым укуктуу Элчиси болуп дайындалды. Бул тууралуу Президенттин аппаратынан кабарлашты.

Тиешелүү жарлыкка Садыр Жапаров кол койгон.

Өткөн жылдын октябрь айына чейин бул кызматта Аликбек Жекшенкулов турган. Аны Сооронбай Жээнбеков президенттик тактыдан кетер алдында кызматтан алган. Ошол учурдан бери аталган кызмат бош турган.

Exit mobile version