Гүлнур Асанова: Жоолук салынсам деп бирок шарты жок кыздар болсо көйнөк, жоолук берем

Гүлнур Асанова: Жоолук салынсам деп бирок шарты жок кыздар болсо көйнөк, жоолук берем

Белгилүү ырчы Гүлнур Асанова жолук салынуудагы айрым стереотиптер жөнүндө пикирин жазды.

Ал кыз-келиндер арасында кымбат спортивка, көйнөктөрү калып кетет деп жолук салынбай жүргөндөр да бар экенин, бул туура эместигин жазган.

Мындан сырткары жоолук салынууну көздөп, бирок шарты жок кыздар болсо көйнөк, жоолугу менен бөлүшө тургандыгын жазган. 

“Көпчүлүк кыз-келиндер жоолук салынсам гардеробумдагы кымбат спортивка, көйнөк жана башкалар калып кетет дешет экен. А мен бул оюңузду четке какканга мажбурмун. Мисалы, менин гардеробумда классика кийим көбүрөөк эле, ошондой эле спортивный дагы. Ишенесизби, мен азыр баарын эле кийип жатам. Болгону рубашка менен кененирээк видеодогудай юбка. Ал эми спортивный костюм сөзсүз кийилет экен, көрсө үстүнөн тизеге чейин келген желетка кийип алсак бүттү. Эч жакка ыргытпайсыз кийимдериңизди. Ал эми бут кийимдер ошол эле, айрыкча ботинка, кроссовки түрлөп киесиз.

Бул менен эмнени айткым келди? Жогорудагы гардеробум калып кетет экен деген ой сизди кармабасын. Жоолук салынсам деген ниетиңиз болсо, эч кечиктирбей салыныз!  Бул менин чын жүрөктөн кеңешим.

Ал эми жоолукка кирмекмин шартым жок деп жүргөн кыздар болсо мен сизге жоолук, көйнөк берүүгө даярмын.

Жазыңыз тартынбай! Аллахтын жолунан эч качан тартынуу, кооптонуу, ойлонуу болбошу керек. Катарымдан күтөм сиңди, эжелеримди.

Аллахтын сүйүктүү пендеси болууга шашылалы”, — деп жазган Гүлнур Асанова

https://www.instagram.com/p/CFEvp_6HQ-C/?utm_source=ig_web_copy_link

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>