Гүлшайыр Садыбакасова уулун эскерип: Экошам сени аябай сагындык, баламды жоктоп өңгүрөп ыйлап жатам

Гүлшайыр Садыбакасова уулун эскерип: Экошам сени аябай сагындык, баламды жоктоп өңгүрөп ыйлап жатам

Кыргыз Республикасынын Эл артисти, “Кыз-Бурак” тобунун негиздөөчүсү Гүлшайыр Садыбакасова жалгыз уулу Эркинди жоготуп эскерип, ыйлап эскерип отурганын Инстаграм баракчасына жарыялады.

Гүлшайыр Садыбакасова уулунун кийилбей калган кийимдерин, ал колдонгон буюмдардын сүрөтүн жарыялаган.

«Бишкекке келдим…Алты айлык азалуу көңүлүмдү кайрадан кара булут каптап, сай-сөөгүм сыздап, уулум Эркинди эскерип олтурам. Ал жашаган үйүбүз, бөлмөсү, күндөлүк урунган буюм тайымдары,  өз колу менен тыкан жыйналган кийимдери, ирээттүү илинген костюм- шымдары, баламдын жыты кете элек көйнөк-көнчөктөрү,  кийилбей сыны кеткен бут кийимдери, пальтолору, өзү жактырып маңдайына тизип алган Сайкалдын, “Кыз-Бурактын” сыйлык-статуэткалары,  4 ай айдаган “Матиз” авто машинасы,  чет өлкөлөрдөн келген эстелик белектер , тарелкалар ж.б.у.с. баламды кайрадан эсиме салып, азап-кайгым жаңыланып, каңырыгым түтөдү. Баламды жоктоп өңгүрөп ыйлап жаттым.

Экошам, сени аябай сагындык, алдыңа барып жатып алайын деймин, бирок арга жок экен кулунум. Жараткандын айтканы менен жашайт экенбиз. Айтып бүткүс арманым, ат көтөргүс дарманым, бейкубар болсун жаннатың, бейишиң берсин Аллахым.Күйүттөн күйүп чок болгон апаң, эми сенин арбагыңа багыштап дуба окуу менен өмүр кечирет. Аллахым акыретиңди абат, рухуңду шат кылсын! Кабырың нурлуу, чын дүйнөң жылуу болсун! Бейиште периште сымал учуп-конуп, ойноп-күлүп жүрүшүңдү Кудайым насип этсин!», — деп эскерет маркум уулун Гүлшайыр Садыбакасова.

Белгилей кетсек, Гүлшайыр Садыбакасованын уулу өткөн жылдын август айында Бишкекте жүрөк оорусунан каза болгон. Ал болгону 19 гана жашта болчу.

 

Посмотреть эту публикацию в Instagram

 

Публикация от Кыргыз.Респ.Эл артисти. (@gulshayir_sadybakasova)

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>