Гүлжигит Алыкулов Азия чөлкөмүндө аптанын мыктысы деп табылды

Гүлжигит Алыкулов Азия чөлкөмүндө аптанын мыктысы деп табылды

Кыргызстандык футболчу Гүлжигит Алыкулов Азия чөлкөмүндө аптанын мыкты оюнчусу деп табылды. Бул тууралуу Азия футбол конфедерациясы жарыялады.

Маалыматка ылайык,  Казакстандын «Кайрат» клубунун жарым коргоочусу Гүлжигит Алыкулов Азия чөлкөмүндө добуш берүүлөрдүн жыйынтыгы менен «Аптанын оюнчусу» деп табылды.

Сурамжылоодо Алыкулов 44,31 пайыз добуш алган. «Зенит» клубунун ирандык футболчусу Сардар Азмун 22,42 пайыз добушка ээ болгон.

Белгилей кетсек, 3-мартта өткөн Казакстан Суперкубогунун жарым финалында «Кайрат» жана «Тобол» беттешип, Алыкулов голдук топ ашырып жана кошумча мүнөттө гол киргизүү менен эсепти 3:3 кылып теңеген.

 

Посмотреть эту публикацию в Instagram

 

Публикация от «ҚАЙРАТ» ФК | FC KAIRAT (@f.c.kairat)

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , СПОРТ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>