Гүлжигит Алыкулов экинчи ирет аптанын мыктысы деп табылды

Гүлжигит Алыкулов экинчи ирет аптанын мыктысы деп табылды

Кыргызстандык футболчу Гүлжигит Алыкулов Азия чөлкөмүндө экинчи ирет “Аптанын оюнчусу» деп табылды. Бул тууралуу Азия футбол конфедерациясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Алыкуловдун Казакстан Премьер-лигасындагы “Жетису” клубуна киргизген голу жана голдук топ ашыруусу добуш берүүгө коюлган.

АФКнын сайтындагы мыктыны аныктоодо биринчи орунга Гүлжигит Алыкулов чыгып, күйөрмандардын 51,21 пайыз добушун алган.

Белгилей кетсек, 3-мартта Казакстан Суперкубогунун жарым финалында “Кайрат” жана “Тобол” командалары беттешип, Алыкулов голдук топ ашырып жана кошумча мүнөттө гол киргизүү менен эсепти 3:3 кылып теңеген. Бул көрсөткүчү менен 20 жаштагы  футболчу “Жуманын оюнчусу” наамына татыган.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , СПОРТ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>