Кыргызстандык футболчу Гүлжигит Алыкыулов Казакстандын “Кайрат” командасы менен келишимин узартты. Бул тууралуу анын командасы жарыялады.
Жарым коргоочу алматылык клуб менен келишимин 2023-жылдын соңуна чейин жана андан кийин бир жылга узартууга макулдашкан.
Белгилей кетсек, Гүлжигит Алыкулов “Кайрат” менен 2020-жылдын башында келишим түзгөн. Ага чейин 20 жаштагы футболчу Белорустун “Неман” командасында ойногон.