Site icon Reporter.kg

Гүлжигит Алыкулов Казакстандын Суперкубогунда кооз гол киргизди

Кыргызстандын улуттук курама командасынын оюнчусу Гүлжигит Алыкулов Казакстандын Суперкубогунун жарым финалдык оюнунда кооз гол киргизди.

Гүлжигиттин ойногон “Кайрат” командасы 3-мартта “Тобол” менен беттешти. Оюндун 90-мүнөтүндө “Кайрат” 3:2 эсебинде утулуп жатканда кыргызстандык футболчу алыскы аралыктан кооз гол киргизип, эсепти 3:3 кылып теңеген.

Ага чейин, эсеп 1:1 учурунда Гүлжигит Алыкулов командалашына голдук топ ашырып берген.

“Кайрат” оюндан кийинки пенальти тебишүүдө “Тоболго” 4:2 менен жеңилип, эми “Шахтёр” менен 5-мартта 3-орун үчүн ойнойт.

Exit mobile version