Гүлжигиттин голуна окшош. Темирболот Тапаевдин голу кооз деп табылды — ВИДЕО

Гүлжигиттин голуна окшош. Темирболот Тапаевдин голу кооз деп табылды — ВИДЕО

“Алганын” оюнчусу Темирболот Тапаевдин алыстан тээп киргизген голу футбол боюнча өлкө чемпиондугунун март айындагы кооз голу деп табылды. Бул тууралуу Кыргыз кесипкөй футбол лигасынан билдиришти.

Кыргыз Премьер-лигасынын алгачкы турундагы Темирболот Тапаевдин “Илбирстин” дарбазасына киргизген голу добуш берүүнүн жыйынтыгы менен март айындагы кооз гол деп табылды.

Ал эми март айынын мыкты голуна төрт оюнчу күч сынашкан:

  • Темирболот Тапаев (“Алга”);
  • Мирбек Ахматалиев (“Каганат”);
  • Ирисдавлат Хакимов (“Абдыш-Ата”);
  • Абай Боколеев (“Дордой”).

Белгилей кетсек, айдын мыкты голу наамын жеңгендер, сезондун соңунда жылдын мыкты голу наамы үчүн ат салышат.

 

Посмотреть эту публикацию в Instagram

 

Публикация от Премьер Лига (@kyrgyzpremierleague)

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , СПОРТ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>