Site icon Reporter.kg

Гапыр Мадаминов министр Каныбек Иманалиевдин кеңешчиси болду

Билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиев Гапыр Мадаминовду коомдук башталыштагы кеңешчи кылып дайындады. Бул тууралуу аталган министрликтен билдиришти.

Маалыматка караганда, билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиев КР Эмгек сиңирген мугалими, Лейлек районундагы №3 эксперименталдык гимназиянын негиздөөчүсү Гапыр Мадаминов менен жолугушту.

Жолугушууда Гапыр Мадаминов мектеп, ата-эне, бала байланышынын маанилүүгүнө токтолуп, директорлор мектебин жана креативдүү мугалимдер кеңешин түзүү зарылдыгын белгиледи.

“Министр билимдүү коом үчүн жан үрөгөн, тажрыйбага мол агартуучулар менен иштештүүгө, кеңешин угууга даяр экендигин айтып, Гапыр Мадаминовду коомдук башталыштагы кеңешчи кылып дайындады” деп айтылат билдирүүдө.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version