Site icon Reporter.kg

«Гектарлап жер берейинби?!». Достуктун элине оройлонгон облус башчысы сынга кабылды (видео)

Баткен облусунун Достук айылынын тургундарына оройлонгон облус башчысы Айбек Шаменов элдин сынына кабылды.

Белгилүү болгондой, Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара келишими боюнча Баткен районундагы Достук айылы коңшу мамлекетке бериле турган болууда. Анын ордуна Тажикстан Кыргызстанга башка жер берүүдө. Мындын улам Достуктун эли Бужум айылына караштуу Чет-Булак жерлигине көчүрүлө турган болгон. Мамлекет ар бир үй ээсине 5 сотых жерге жаңы там салып берери айтылган.

Облус башчысы Айбек Шаменовдун катышуусунда өткөн жолугушуулардын биринде Достуктун тургуну 5 сотых жер кичинекей болуп каларын айтып, 10 сотых берүүнү суранган.

Шаменов ага жооп берип жатып 12 сотых жер берерин, бирок үй куруп бербей тургандарын айтты.

«12 сотых берели, бирок үй бербейм. 5 сотыхтан берилет деп айтпадым беле. Үй салып беребиз. Айыл чарба иштери үчүн 10 сотыхтан беребиз. Ошону менен бүттү», — деди ал.

Достуктун тургуну алар үйүн таштап кетип жатканын айтып, алардын маселесине башкача карап, 5 сотых эмес, андан көбүрөөк жер берилсе, туура болорун белгилеген.

Облус башчысы анын сөзүнө «канча, гектарлап берейинби?!», — деп ачууланды. Ошондой эле бак-дарактарын кыйып алып кетүүнү каалаган тургундарды да кыртышы сүйгөн жок.

Облус башчысы менен тургундардын жолугушуусунда тартылган видеону Салам Медиа — Баткен жарыялагандан кийин Шаменовдун жоругу элдин сынына кабылды. Аны сынга алгандар Достук айылынын эли мамлекеттин айтканына көнүп, үйүн таштап көчүп жаткандан кийин аларга камкордук көрсөтүлүп, сураганын ичинде ызасы калбагандай кылып чечип берүү керектигин айтышууда.

Баткендеги Достук айылы кайсы жерге көчүрүлөрү аныкталды

Exit mobile version