Генерал-майор: тажик өкмөтүнүн дагы, биздин өкмөттүн дагы күнөөсү бар

Генерал-майор: тажик өкмөтүнүн дагы, биздин өкмөттүн дагы күнөөсү бар

Элдик дипломатияны колдонуп, эки өлкөнүн кадыр-барктуу, тасирлүү инсандары чогултуп, эл менен жолугушууларды өткөрүүбүз зарыл.

Мындай пикирин милициянын генерал-майору, Баткен окуясынын катышуучусу, Эл аралык полициялар ассосациясынын Кыргызстандагы секциясынын президенти Шейшенбек Байзаков билдирген.

“Бүгүнкү күнү Кыргызстандын жана Тажикстандын мамлекеттик чек арасындагы куралдуу кагылышуу боюнча Кыргызстан иликтөө иштерин жүргүзүп жатат.  Жыйынтыктоочу баа иликтөө аяктагандан кийин берилет. Ал эми ушул маалда биз үчүн эң маанилүүсү башында жетишилген макулдашууну сактоо жана эскалацияны болтурбоо”, — деген Байзаков.

Ошондой эле чек ара чырында тажик өкмөтүнүн дагы, кыргыз өкмөтүнүн дагы күнөөсү бар деп эсептей турганын, Баткен облусунун түзүлгөндүгүнө жыйырма жыл болгону менен чек ара маселелери чечилбей келе жатканын айткан.

“Мен учурунда Баткен облусунун ички иштер башкармалыгын жетектегем.  Биз иштеп жатканда чек арага чектеш эки мамлекеттин айылдарынын ортосунда аябай досчулук күчөп турган кези болчу. Ошондо баягы “Элдик дипломатия” деп коебуз, ал жогору турат эле. Азыркы учурда дагы элдик дипломатияны колдонушубуз керек. Ар бир облуста, райондордо эмгеги сиңген кадыр-барктуу, абройлуу ак сакалдар бар. Алардын катышуусун камсыз кылып, Тажикстандагы кесиптештерибиз менен биргеликте көптөгөн иш-чараларды өткөрчүбүз. Массалык, маданий иш-чараларды Исфарага өткөрсө, биз барган учурлар көп болгон. Биз тарап өткөрсө алар келишкен. Ынтымагыбыз бекем эле. Кийинчерээк андай болбой калды. Антымагыбыз солгундап кетти. Мунун башкы себептердин бири облустарда жана райондордо коюлган жетекчилер кыска убакытка дайындалып, тез арада алмашылып жатат. Жетекчиликти тез-тезден алмаштыруу райондор, элдер арасындагы достукка таасирин тийгизүүдө”, — деген пикирде генерал-майор.

Мындан сырткары, Баткенге өзгөчө макам берүү керек экенин айтат.

Баткен облусу Тажикстандын тогуз району, Өзбекстандын алты району менен чектешет.  Бул облус түзүлүп жатканда Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы 12 пост бар болгон. Баткен облусу менен Согди облусунун жарандары үчүн чек арадан өтүүдө кыйынчылыктарды жаратып жатканын эске алып, биргеликте кеңешип 5 постко чейин кыскартканбыз. Биринчи кезекте биз демаркация жана делимитация процесстерин жыйынтыктап алышыбыз керек. Андан сырткары ыкчам кырдаалга Борбор Азия регионундагы баңгитрафигинин аткезчилиги таасир этүүдө. Жакын арада чек ара маселеси чечилип калса, анда аткезчиликке, баңгитрафигине бөгөт коюлат.

Эзелтен бери тажик эли менен кошунабыз. Бизде карым-катнаш канча кылымдан бери жүргөн нерсе. Көз карандысыздыктан башталып эле, жер талаштар, суу талаштар башталып кеттида. Бул чечиле турган нерселер. Ошон үчүн делимитация менен демаркацияны жакын арада бүтүргөнүбүз оң”, -деген Шейшенбек Байзаков.

 

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>