Генералдын чагымчыл сөзүнөн кийин тажик элчиси ТИМге чакырылды

Генералдын чагымчыл сөзүнөн кийин тажик элчиси ТИМге чакырылды

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигине Тажикстандын элчиси Назирмад Ализода чакырылды. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирет.

Элчиге Тажикстандын Согди облусунун Ички иштер башкармалыгынын жетекчиси, милициянын генерал-майору Абдулло Навджувоновдун айткандары боюнча кыргыз тараптын өтө тынчызданып жатканы айтылган.

“13-февралда айрым басылмаларга Навджувоновдун пикири жарыяланган. Ал “Баткен эч качан кыргыздын жери болгон эмес” деп жалган айтып тарыхты бурмалаган”, – деп айтылат маалыматта.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги жогорку кызматтагы жана күч органдарынын өкүлү чагымчыл аракеттердин ордуна мындай көрүнүштөрдү жөнгө салышы керектигин баса белгилеген. Кыргыз тарап Дүйшөмбүдө расмий билдирүү күчтөрүн, жана алдыда мындай окуялар кайталанбайт деп ишенерин билдирген.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>