Site icon Reporter.kg

Германия: Сот 96 жаштагы улутчул аялды бошотту

Германия соту 96 жаштагы Ирмгард Фухнерди актады. Ал  11,4 миң еврейлерди, поляктарды жана концлагердеги советтик туткундарды жок кылууга катышы бар деп шектелген. Бул туурасында Deutsche Welle жазды.

Маалыматка караганда, 1943-1945-жылдар аралыгында концлагердин командатынын катчысы болуп эмгектенген. Сот анын иштерин карап бүтүп, анын иштерин толугу менен токтотту.

Ал бир жолкусунда сот залынан жоголуп кеткен. Көрсө ал такси менен жакынкы метролорго түшүп кеткен экен. Ошол замат дароо кармап, тергөө абагына алып келишкен.

Соттук иш 2016-жылдан бери каралып келе жаткан.

Exit mobile version