Site icon Reporter.kg

Германияда кыргыздар элчинин кубогу үчүн футбол мелдешине түштү

Германияда кыргызстандык жарандар футбол мелдешине түштү.

Кыргызстандын Германиядагы элчилигинин маалыматына караганда, 3-сентябрда Берлин шаарында элчинин кубогу үчүн кезектеги 11-футболдук турнир уюштурулду. Турнирге жалпысынан 14 команда катышты. Ага Германиянын ар кайсы аймактарынан, ошондой эле Чехиядан, Литвадан, Польшадан кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү катышты.

Элчи Өмүрбек Текебаев ɵзүнүн куттуктоо сөзүндө турнирдин катышуучуларын Эгемендүүлүк күнү менен куттуктап, Германиядагы жана Европадагы кыргыз диаспорасынын өкүлдөрүнүн патриоттук духун жана биримдигин бекемдɵɵгɵ салым кошо турган мындай иш-чараларды өткөрүүнʏн маанилүүлүгүн белгиледи.

Турнирдин жүрүшүндө стол тенниси жана волейбол боюнча да мелдештер өткөрүлдү. Коноктор жана балдар үчүн аркан тартыш, ордо жана башка улуттук оюндар, ошондой эле ар кандай сынактар, викториналар уюштурулду. Кыргыздын салтын сактап, баланын тушоосу кесилди.

Турнирдин аягында футбол, стол тенниси жана волейбол боюнча жеңүүчүлɵргɵ жана катышуучуларга ар кандай номинациялар боюнча кубоктор менен дипломдор тапшырылды.

Турнирде Чехиядан келген «Praga KGZ» командасы жеңип, элчинин кубогуна ээ болду. Мелдештен кийин кечинде Берлиндеги кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү тарабынан Кыргызстандын белгилүү аткаруучуларынын катышуусунда майрамдык концерт уюштурулду.

Майрамдык иш-чарага 300гө жакын адам катышты. Келген конокторго кыргыздын улуттук тамак-аштары тартууланды.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Exit mobile version