Site icon Reporter.kg

Германияда полиция унаасы кыргызстандык кызды сүзүп кеткен

Германиянын Ганновер шаарында 26-июлда полиция унаасы кыргызстандык кызды сүзүп кеткен. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Белгилүү болгондой, Б.к.С. аттуу кыргызстандык кыз Германияда Ferien Job жайкы студенттик программа боюнча убактылуу иштеп жүргөн.

Германиядагы элчиликтин консулдук кызматкери 29-июлда кыргызстандык кыздын абалын, окуянын жагдайларын тактоо, ошондой эле ага керектүү жардам көрсөтүү үчүн Ганноверге барып келген. Анда ал жабыркаган кыз, иш берүүчү, полиция жана медициналык мекеменин кызматкерлери жана башка кыргызстандык студенттер менен жолугушуп, сүйлөшкөн.

Жабырлануучу менен анын жанындагы студенттердин айтымында, полиция унаасы кыз уруксат берилбеген жерден өтүп бара жатканда сүзүп кеткен. Ал ооруканага жеткирилип, ыкчам жардам көрсөтүлгөн.

Дарыгерлердин айтымында, кыздын баш мээси чайкалган, абалы туруктуу.

«Учурда жабырлануучуга медициналык жардам көрсөтүү, ага компенсация өндүрүп берүү жана иш берүүчү тарабынан кайра Кыргызстанга кайтууга билет сатып берүү маселеси, ошондой эле жергиликтүү укук коргоо органдары менен окуяга тиешелүү юридикалык маселелер элчилик тарабынан каралууда», — деп билдирет министрлик.

Маселе Кыргызстандын Германиядагы элчилигинин көзөмөлүндө турат.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Exit mobile version