Германияда учкучтар менен борт коштоочулар жапырт түрдө иш ташташты

Германияда учкучтар менен борт коштоочулар жапырт түрдө иш ташташты

Германиянын Lufthansa авиакомпаниясы учкучтар менен борт коштоочулардын иш таштоосунан улам 1300 каттамды жокко чыгарууга аргасыз болду. Анын кесепети 180 миң жүргүнчүгө тийиши ыктымал. Иш таштоо эки суткага – 7-8-ноябрга чейин уланат.

Жума күнү Франкфурт-на-Майне аэропортунан алыс эмес жердеги Lufthansa авиакомпаниясынын башкы кеңесесинде борт коштоочулар демонстарция өткөрүшкөн. Экипаж мүчөлөрү айлык акыны көтөрүүнү, эмгек шартын жакшыртууну талап кылышууда.

Lufthansa жетекчилиги кызматкерлердин каршылыгына юридикалык жол менен тыюу салууга аракет жасаган. Бирок сот авиакомпаниянын арызын четке каккан. Lufthansa доо арыз менен жогорку инстанцияга кайрылууга ниеттенүүдө.

Октябрда Lufthansa менен байланышы бар төрт авиакомпаниянын кызматкерлери иш таштаган. Анда Берлин, Мюнхен, Франкфурт жана Дюссельдорф аэропортторундагы каттамдар жокко чыгарылган.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>