Германиянын шаарын туура эмес айткан спикер кайрадан талкууга түштү —видео

Германиянын шаарын туура эмес айткан спикер кайрадан талкууга түштү —видео

Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабековдун парламент жыйынында Германиянын шаарын туура эмес айтканы интернет колдонуучуларынын талкуусуна түштү.

Анда спикер Германиянын Франкфурт-на-Майне шаарын «Франкфурт жана Маяня шаарында» деп эки бөлөк шаар катары, анан калса айтылышын да туура эмес окуган.

Бул ирет интернет колдонуучулары «эң бийик мамлекеттик кызматтын бирин жетектеген адам география сабагын  окуган эмес тура» деп шылдыңдап жатышат.

Буга чейин Дастан Жумабековдун парламент жыйынында» кулакка тээп, лапшаны илип» деп көчө лексикону менен сүйлөгөнү, Нур-Султан шаарында Евразия өлкөлөрүнүн парламент спикерлеринин IV отурумунда орусча текст окуганы жана акын Зайырбек Ажыматовго таандык ырды өзүмдүн ырым деп журналисттерге окуп бергени кызуу талкууга алынган.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>