ГЭС-5ке Nissan Cefiro унаасы түшүп кетип, эки киши каза болду

ГЭС-5ке Nissan Cefiro унаасы түшүп кетип, эки киши каза болду

Аламүдүн районунун Дачное айылында 8-сентябрда саат 21:10 чамасында ГЭС-5ке Nissan Cefiro унаасы түшүп кеткен. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Унаанын ичинде 1989-жылы туулган эркек киши, 1984-жылы туулган аял болгон. Алар окуя болгон жерден каза болушкан. ӨКМдин куткаруучулары унааны суудан чыгарып, сөөктөрдү милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>