Гимндин автору Шабданбек Кулуев көз жумду

Гимндин автору Шабданбек Кулуев көз жумду

Кыргызстандын Гимнинин авторлорунун бири, акын Шабданбек Кулуев көз жумду. Бул тууралуу журналист Канышай Мамыркулова Фейсбуктагы баракчасына жазды.

Шабданбек Кулуев  Жумгал районунун Чаек айылында 1942-жылы 1-январда туулган.

Ал мамлекеттик гимндин авторлорунун бири болуп, 1994-жылы “Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер” наамы берилген.

Эмгек жолу:

— 1963-жылы Суусамыр өрөөнүндөгү 8-март, Каракол башталгыч мектептеринде мугалим болуп иштөөдөн баштаган.

— 1969–1990-жылдары Жумгал районунун Жумгал, М.В.Фрунзе атындагы орто мектептерде тарбиялык иштер боюнча директордун орун басары, кийин директор болгон.

— 1990–2006-жылдары Жайыл районунун Түркмөн атындагы орто мектебинде математика мугалими болуп иштеген. Республикалык “Кыргыз туусу” гезитинин штаттан тышкаркы кабарчысы болгон.

— 1991-жылдан Кыргыз Республикасынын Жазуучулар союзунун мүчөсү.

Reporter.kg  маалымат агенттигинин эмгек жамааты Шабданбек Кулуевдин көз жумгандыгына байланыштуу анын үй-бүлөсүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза кайгыларын тең бөлүшөт.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>