Site icon Reporter.kg

Гиннестер китебине кирген манасчы Рысбай Исаковду тосуп алышты

Бүгүн, 5-октябрда “Манас — 2” аэропортунда Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти, манасчы Рысбай Исаковду тосуп алуу аземи өттү.

Аны маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Түмөнбай Колдошов баштаган өкүлдөр тосуп алды.

Рысбай Исаков Түркиянын Бурса шаарында өткөн “Манас жумалыгынын” алкагында айтуучулук багыты боюнча дүйнөлүк гиннестер китебине 124 саат убакытка манас айтуу боюнча катталген болчу.

Дүйнөлүк гиннестер китебине катталгандыгы тууралуу расмий маалыматты Бүткүл дүйнөлүк Гиннесттер китебинин Түркия жана Борбор Азия мамлекеттери боюнча өкүлү тастыктап, ага күбөлүк тапшырган.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

 

Exit mobile version