Дүйнөлүк терроризм индексинин (Global Terrorism Index) 2025-жылдагы маалыматына ылайык, Кыргызстан терроризм таасир этпеген аймактардын катарына кирди.
Аталган индексте Кыргызстан 100-орунду ээледи. Бул көрсөткүч былтыркы жылга салыштырмалуу 6 тепкичке ылдый. Ал эми Африкадагы Буркина-Фасо мамлекети (1-орун), Пакистан (2-орун) жана Сирия (3-орун) өлкөлөрү терроризм коркунучу өтө жогору болгон аймактарга киришти.
Белгилей кетсек, Дүйнөлүк терроризм индекси жыл сайын Экономика жана тынчтык институту (IEP) тарабынан жарыяланып турат.