Site icon Reporter.kg

Глобалдык фонддун грантысыз дарыга туруктуу кургак учук оорусунун абалы кандай болот?

СПИД, кургак учук жана безгек ооруларына каршы күрөшүү боюнча Глобалдык фонду май айында Кыргызстандын алдыдагы үч жылга эсептелинген 27,8 миллион доллардык гранттык буйрутмасын кабыл алганы белгилүү болгон. Бул каражаттын жарымы дары-дармекке туруктуу кургак учук оорусуна жумшалмак. Бирок, бүгүнкү күндө Кыргызстан бул грантты алар-албасы белгисиз бойдон калууда. 

Жогорку Кеңештеги Глобалдык фонддун грантын бөлүштүрүүгө байланышкан дискуссиядан улам, ВИЧ жана кургак учук оорусу боюнча Өлкөлүк координациялык комитеттин ишинин токтотулушу буга себеп болгон. Аталган координациялык кеңештин ишинин жанданышы тууралуу расмий токтом алиги күнгө чейин жок болгондуктан, кургак учуктун дарыга туруктуу түрүн камсыздап келген Глобалдык фонд биздин өлкөгө каражат бөлөрү белгисиз болуп турат.

ООРУ АЗАЙДЫ, БИРОК…

Улуттук статистикалык комитеттин маалыматы боюнча 2011-2018-жылдар арасында активдүү кургак учук оорусу менен ооруган кыргызстандыктардын бир жылдык саны 6 миң адамдан аз болуп, 5 миң 500 жана 5 миң 900 деген сандарды көрсөтүп турган. Ал эми 2019-жылы бул көрсөткүч 5 миң 96 адамга түшүп, кийинки эки жылда мындан да азайган. 2020-жылы – 3 миң 518, ал эми 2022-жылы – 3 миң 891 адам деп көрсөтүлгөн.

“Дары-дармекти көп талап кылуучу кургак учук менен ооругандардын санынын азайганы, Кыргызстанда кургак учукка каршы дары-дармектерди өлкөгө алып келүү боюнча чоң иштер жүргүзүлгөнү жана ошондой эле жакшы дарылар жана жогорку сапаттагы ооруну аныктоо каражаттары өлкөгө көп өлчөмдө жана үзгүлтүксүз келип турганы менен түшүндүрүлөт”, — дейт “Партнерская сеть” ассоциациясынын башчысы Айбар Султангазиев.

Кырдаалга ошондой эле жер-жерлерде (аймактарда) кургак учук оорусун эртелеп аныктоо иштеринин жүргүзүлгөнү да таасир эткен. Бул жердеги сөз Глобалдык фонддун каражатына сатылып алынган, ооруну аныктоо менен гана чектелбестен, бактериялардын дары-дармектерге болгон сезимталдуулугун дагы аныктап берген Genexpert машинасы жөнүндө болуп жатат.

2008-жылы кургак учук оорусу менен ооругандардын саны 100 000 адамга 115,5 адам туура келген болсо, 2021-жылы бул көрсөткүч 100 000 адамга 58,1 адам болуп азайган. Муну “Партнерская сеть” ассоциациясынын башчысы Айбар Султангазиев ооруну аныктоонун деңгээлинин төмөндөшүнөн деп божомолдойт.

Бул көрсөткүч Улуттук фтизиатрия борборунун директору Абдулаат Кадыровдун Кактус.медиа сайтына берген маегиндеги “Ооруну аныктоо 32%га төмөндөп кеткенине байланыштуу Кыргызстанда абал оор бойдон калууда” деген билдирүүсү менен да тастыкталат.

КУРГАК УЧУКТУН ТУРУКТУУ ФОРМАСЫН КИМ КАНДАЙ ДАРЫЛАЙТ?

Учурда өлкөдө кургак учукка каршы заманбап дары-дармектерди (КУКД) колдонуу менен аталган илдетти дарылоонун натыйжалуу режимдери киргизилген. Ар жылы кургач учуктун сезгич формасын дарылоого багытталган 1-катардагы КУКДны жана керектелишине жараша 15% 2-катардагы дары-дармектерди сатып алууга мамлекеттик бюджеттен каражат бөлүнөт. СПИД, кургак учук жана безгек ооруларына каршы күрөшүү боюнча Глобалдык фонддун колдоосу менен ДССУнун квалификациясынан өткөн кургак учуктун туруктуу формасына арналган кургак учукка каршы дары-дармектер жана кургак учук менен ооруган балдарды дарылоого багытталган дары формасындагы препараттар сатылып алынууда.

Кургак учук илдети бекитилген клиникалык жетекчилик жана протоколдорго ылайык, ага каршы жаңы дары-дармектерди жана дарылоонун кыскартылган режимдерин колдонуу менен дарыланып келет.

“Акыркы төрт жылдын ичинде жаңы эки дары чыкты. Бул жетишкендик. Кырк жылдан бери кургак учукка карата жаңы дары чыгарылган эмес. Мурунку дарылар эле колдонулуп келген. Булар күчтүү, кубаттуу болгону менен эски эле. Жаңы дарылардын пайда болуусу менен кургак учукту дарылоо жаатына революция жасалды десек болот. Көпчүлүк бейтаптардын дарылануусу 6 айдан 9 айга чейин кыскарды”, — дейт Айбар Султангазиев.

Дарыга туруктуу кургак учук (ДТ-ТБ) менен ооругандардын саны жогору. 2021-жылы катталган 897 ДТ-ТБнын 545и кайрадан кайрылган учурлар. Каттоого алынгандардын 40%зы – кургак учукту дарылоодо тажрыйбасы барлар. Алар дарылануусу ар кандай себептер менен үзгүлтүккө учурагандар.

“Ал эми бул абдан кыйын. Дарыланып жаткандар дарынын терс таасиринен жабыркап – угуусу начарлап, бөйрөгү иштен чыгып, кальцийи жуулуп кеткендиктен, мындай азапка чыдоо мүмкүн эмес болчу. Азыркы учурда зыяндуу таасири азыраак дарыларды колдонуп дарылоонун жаңы схемалары киргизилип жатат”, — дейт параюрист, “ТБ пипл в Кыргызстане” коомдук фондунун социалдык кызматкери Евгений Милюков.

Ал андан сырткары, жалпысынан алганда кургак учук оорусунан дарылануу физикалык жактан дагы, психологиялык жактан дагы кыйын экендигин билдирип, буга коомчулук тарабынан кодулоолор да кошуларын кошумчалады.

Республикалык вирустук инфекцияларды көзөмөлдөө боюнча илимий-практикалык борборунун жетекчиси Зуридин Нурматов кургак учук оорусунан дарылануудан баш тартуунун негизги себеби – дарылоо процессине тийиштүү көзөмөлдүн жоктугу деп эсептейт.

“Туруктуулуктун бар же жок экендигин текшерип, эмне болгон күндө да майда-барат нерселерден турган дарылоо схемасынан дагы артка чегинбеш керек. Эгерде дарыны тамактанарга чейин ичиш керек болсо, дал ошондой ичиш керек. Бул эрежени сактабаган учурда дарынын сиңүүсү бирдей убакытта жүрбөй, дарылануунун натыйжасы 50%га чейин төмөндөйт”, — дейт ал.

Андан сырткары З.Нурматовдун айтуусу боюнча Кыргызстандагы кургак учук илдетине көзөмөлгө алынбаган амбулатордук дарылоо да терс таасирин тийгизет. Мисалы, Кытай мамлекетинде кургак учук менен ооруган ар бир адамдын иче турган дарыларын медицина кызматкери көзөмөлдөп турат. Ошондой эле мындай ыкма аталган илдеттен айыгуу деңгээлин 95%га жогорулатат дейт

ЖАКШЫ ЭМЕС БОЖОМОЛ

Кыргызстанда кургак учуктун дарыга туруктуу формасына арналган дары-дармектердин бардыгы Глобалдык фонд аркылуу алынат.

“Кургак учуктун бул формасынын дары-дармектери КРда катталбагандыктан, мамлекет аны мамлекеттик сатып алуулар аркылуу ала албайт. Андан сырткары, бул дарылар өтө кымбат. Ал эми бюджетте аларды сатып алуу үчүн каражат жок. Бул дарыларды алдыдагы үч жылга сатып алуунун жалпы көлөмү 5,5 миллион АКШ долларын түзөт. Жылына орточо эсеп менен алганда 2 миллион АКШ доллары, б.а. 180 миллион сом деген сөз. Бул дары-дармектин гана акчасы. Мисалга ала турган болсок, быйыл мамлекет буга 30 миллион сом гана бөлө алат”, — дейт эксперт.

Долбоор өлкөдөгү саламаттыкты сактоо түзүмүн чыңдоонун үстүнөн иш алып барат. Кургак учуктун дарыга туруктуу формасын дарылоого сапаттуу дарыларды сатып берүү менен Кыргызстандагы ар бир бейтаптын бекер дарылануусуна шарттарды түзүп келет. Дарыларга өз убагында буйрутма кетирип, өз убагында алат. Ошондой эле алардын коопсуздугун сактап, бөлүштүрүү иштерин жасайт. Долбоордун алкагында дарыга туруктуу кургак учук менен ооруган бейтаптардын жардамчыларына колдоо көрсөтүлгөндүктөн, дарылануусун орто жолдо таштагандардын саны азайууда. Видео көзөмөл алдындагы дарылануу сыяктуу дарылануунун альтернативдик ыкмалары өнүктүрүлүп, бейтаптарга мотивациялык акча каражаттары төлөнүп берилет. Ошондой эле, долбоор кургак учук оорусун эртелеп аныктоо, анын ичинде балдарга өзгөчө көңүл бөлүп, компьютердик томография жана кургак учук менен ооруган адамдар менен байланышта болгондорду текшерүү деген сыяктуу иш-чараларды колдойт. Андан сырткары өлкө боюнча бардык лабораториялары, кургак учук оорусун өз убагында аныктоого багытталган транспорт түзүмү жана дарылоонун эң жакшы жыйынтыгынын кепилдигин берүүгө багытталган дарылоонун натыйжалуулугунун мониторинги да долбоордун колдоосу астында. ВИЧтин компонентиндегидей эле долбоор калкты кургак учук оорусу жөнүндө маалымдоо, ченемдик-укуктук базасын, кодулоолорду азайтуу иш-чараларын жана бейтаптардын укугун коргоо иштерин колдоого алат.

«Бул жагдай Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы №119 2023-2026-жылдарга карата “Кургак учук-VI” Программасын бекитүү жөнүндөгү токтомунда “2022-26-жылдарга карата Программанын иш-чаралар планын ишке ашыруунун болжолдуу баасы 5,7 миллиард (71%) сомду түзөт, анын 4 миллиард сому мамлекеттин эсебинен жана 1,6 миллиард (29%) сому донорлордун эсебинен”, — деп берилет.

Ушул эле документте каржылоонун бекитилген мүмкүнчүлүктөрү жалпысынан алганда 4,4 миллиард сом деп белгиленип, анын 3,9 миллиард сому мамлекеттин бюджетинен, калган 0,5 миллиард сому башка булактардын (эл аралык өнөктөштөр) эсебинен деп көрсөтүлөт. Буга байланыштуу бул жердеги каржылык ажырым 1,3 миллирд сомду түзүп, башкача айтканда керектөөнүн 23%ын түзөт. Мамлекет аны донордук каражаттардын эсебинен жана кургак учукка каршы колдоону оптимизациялоонун жардамы менен жабууга үмүттөнөт. Башкача айтканда, Глобалдык фонддун каражатынан кол жууп калуу Кыргызстан үчүн жакшы эмес.

Редакцияачык маалыматтардын эсебинен жана эксперттердин маалыматына таянуу менен, Глобалдык фонддун каражатын өлкө ала албай калган учурда республикадагы кургак учуктун дарыга туруктуу формасына тийиштүү жагдай кандай өзгөрө тургандыгынын математикалык моделин түзүп чыкты. Бул моделге ылайык, бир жылдан кийин эле 2024-жылдын август айында дарыга туруктуу кургак учук менен ооругандардын саны 3,4 эсеге жогорулашы мүмкүн. Эгерде Кыргызстанда кургак учуктун дарыга туруктуу формасын дарылоого багытталган каражат кайталанбаса бул оору күчөп, өлкөдө дарыга туруктуу кургак учуктун эпидемиясы жүрүшү мүмкүн.

МАТЕМАТИКАЛЫК МОДЕЛДӨӨ КАНДАЧАЙ ЖҮРГҮЗҮЛДҮ?

Глобалдык фонддун каржылоосунан куру калган кургак учуктун дарыга туруктуу формасы менен ооругандардын саны боюнча болжолдоолор 2023-жылдын июнь айына карата кургак учуктун дарыга туруктуу формасы менен ооругандардын санына карата жүргүзүлдү. Биз буга КУнун дарыга туруктуу формасы менен ооругандардын ар жарым айлык орточо тарыхый өсүшүн (кургак учук менен ооругандардын жалпы санынын 23%), натыйжалуу дарылануудан 22 айдан кийинки оорулуулардын 85%дык айыгуу факторун кошуп туруп, бир жылдын ичиндеги өлүмдүн 25%дык көрсөткүчүн пайдаландык.

Глобалдык фонддун каржысысыз ооруну божомолдоону эсептөөдө 42% дарылануудан баш тарткан топту жана 58% дарылануусун улантып жаткан топту алабыз. Биринчисинде өлүм жылына 40%ды, ал эми экинчисинде жылдык өлүм 25%ды түзөт. Бул учурда кургак учуктун дарыга туруктуу формасы менен ооругандардын орточо айлык өсүү саны ошол боюнча калып, 58 жана 42 пайызга бөлүнөт. Дарылануудан баш тарткан топко (42%) биз “Партерская сеть” бейөкмөт уюмунун: оору жуктурган ар бир бейтапка 12 адам кошулат деген дарыга туруктуу кургач учуктун таралуу факторун кошобуз.

Болжолдоонун эсеби төмөнкү формулалар менен жүргүзүлдү:

ГФнын каржылоосу сакталган учурдагы дарыга туруктуу кургак учук оорусу: X=Y+(I x T)

Бул жерде:

12 айдын эсебинде формула өлүмдүн эсеби менен өзгөрөт: X=Y+(I х t12)-(Y х 25/100). Андыктан, болжолдоонун 13чү айынан баштап бул формула менен эсептелет: X=Y+(I х t12)-(Y х 25/100)+I х t.  t — санакта кайра айдын башынан эсептейт;
85%дык айыгуунун көрсөткүчүн эсепке алганда 22 айлык эсептөөлөр төмөндөгүдөй болот: Х=Y+(I х t12)-(Y х 25/100)+I х t9 — (Y х 85/100);

ГФнын каржылоосу жок болгон учурдагы кургак учуктун дарыга туруктук формасы менен ооруу: Х = H + Z + (I х 58/100+ I х 42/100) х t;

12 айды эсептегенде формула өлүмдүн эсеби менен алмашат: Х = H + Z + (I х 58/100+ I х 42/100) х t11 — (H х 25/100+ Z х 40/100)+ I х t +(344.4 х 12).  t —  эсепти кайрадан биринчи айдан баштайт.

Андыктан, болжолдоонун 13 айынан баштап, төмөндөгү формула менен эсептелинет: Х = H + Z + I х t12 — (H х 25/100+ Z х 40/100)+(344,4 х 12)+I х t9 — (H х 85/100).

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version