Бүгүн, 25-апрелде Глобалдык тоо диалогунун экинчи күнүндө өлкө башчы Садыр Жапаров көчөт отургузууга катышты. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.
Тянь-Шань карагайынын көчөттөрүн отургузуу аземи эл аралык конференциянын конокторунун катышуусунда Ала-Арча жаратылыш паркында өттү. Анда тоо өндүрүмдөрүнүн жарманкеси уюштурулуп, салттуу музыка аткаруучуларынын кыска концерттик программасы тартууланды.
Садыр Жапаров катышуучуларга символикалык белектерди: эркектер үчүн салттуу баш кийим ак калпак, аялдарга улуттук баш кийимдерди жана кыргыз эл кийимдеринин элементтерин белекке берди.
Эске салсак, 24-25-апрель күндөрү «Туруктуу өнүгүү үчүн глобалдык тоо диалогу: Бишкек+25 саммитине бара жаткан жолдо» эл аралык конференциясы өттү. Ага Лесото Королдугунун премьер-министринин орун басары Жастис Нтоменг Мажара, БУУнун Азык-түлүк жана айыл чарба уюмунун башкы директору Цюй Дунъюй, Азия токой чарбасы боюнча кызматташтык уюмунун аткаруучу директору Парк Чонхо, ошондой эле эл аралык уюмдардын өкүлдөрү, окумуштуулар, эксперттер жана жарандык коомдун өкүлдөрү катышты.
Конференцияда климаттын өзгөрүшүнүн тоолуу экосистемаларга жана жергиликтүү жамааттарга тийгизген таасири, глобалдык суу, азык-түлүк жана энергетикалык коопсуздукту камсыздоодо тоолордун ролу, климаттын өзгөрүшүнө ыңгайлашуу жана тоо экосистемаларынын деградациясынын алдын алуу маселелери каралды.