Site icon Reporter.kg

Google компаниясында иштеген кыргыздын 7 уул-кызы

IT тармагындагы дүйнөлүк алп компанияларда эмгектенген көптөгөн кыргызстандыктар бар. Repоrter.kg Google компаниясында программист болуп иштеген кыргыздын 7 уул-кызы тууралуу баяндайт.

Таалай Жумабаев

Таалай Жумабаев Google компаниясынын улук программисти. Санкт-Петербург мамлекеттик университетин “математик-программист” адистиги боюнча артыкчылык диплому менен аяктаган. Кембридж шаарындагы Европалык биоинформатика институтунда стажировкадан өткөн. Окуу жайды бүтүргөндөн кийин 4 жыл Москвадагы инвестициялык банктардын биринде стратегиялык долбоорлордун үстүндө иштеген. Кийин ал жактан кызматтан көтөрүлүп, банктын Нью-Йорктогу кеңсесине которулган. Андан соң 2019-жылы Google компаниясына жумушка кирген.

Асыла Акулуева

Асыла Акулуева YouTube’дун башкы продукт менеджери. Ал 18 жашында IT гиганты менен келишим түзгөн. Асыла 2020-жылдын жазында Google Summer of Code (GSoC) программасын таап, сунуш-арыз калтырган. Ал программанын максатына жараша Google серверин жакшыртуу боюнча сунуш берген. Практикада жакшы ийгиликтерге жетишип, жумушка орношкон. Бирок, ал 18ге чыкканда гана расмий түрдө жумушка кирген.

Продукт менеджер позициясы тууралуу айтып жатып: “Мен кошумча жоопкерчиликти ала аларымды көрсөттүм. Google’да маркетологдорго салыштырмалуу анчалык көп продукт менеджерлери жок. Кесиптин өзгөчөлүгү мына ушунда, бүтүндөй бир команда талап кылынбайт, бир нече адам өз ара милдеттерди бөлүшөт”, — деди.

Асыла учурда КУУнун экономика факультетинде окуйт. Бирок, багытын өзгөртүп, чыгармачылыкка тиешелүү нерсени тандоону пландап жатат.

Нурбек Акпаралиев

Нурбек Акпаралиев учурда Google компаниясынын Швейцариянын Цюрих шаарындагы кеңсесинде YouTube Analytics бөлүмүндө иштейт. Ага чейин Санкт-Петербургдагы Epam Systems компаниясында иштеп келген. Ал программалык камсыздоону жасаган компания катары таанымал. Анын 40тан ашык мамлекетте бөлүмдөрү бар. Компанияда 50 миңден ашык кызматкер эмгектенет.

Нурбек Бишкек шаарында туулган, Кыргыз-орус славян университетин программалык инженерия адистиги боюнча, андан соң магистратурасын Россияда окуган.

Алия Рысбек

Google Deepmind’де программист болуп иштейт. Google’да иштөөнүн бала кезинен бери кыялданып келген. Ал жумуш издеп жүргөн учурда ар түрдүү компанияларга 100дөн ашык билдирүү калтырып, анын 70инен ашыгы жумушка ала албайбыз деп жооп берген. Ошентсе да моюн сунуп отуруп калбастан, ал өзү самаган ишке орношуу оюнан кайткан эмес.

Мындай өжөрлүктүн аркасы менен Google Deepmind, Facebook, Cisco жана Bloomberg компанияларынан сунуш алган. Бирок алардын ичинен Google Deepmind’ды тандап алган.

Тилек Мамутов

Тилек Мамутов учурда Google’да иштебейт. Бирок ал алгачкы кыргызстандыктардан болуп 2006-жылы Google’га жумушка кирген. Ал жакта 11 жыл эмгектенген.  Бул жылдар аралыгында Google’дын бир нече кызматтарын кыргыз тилине которууну демилгелеп, “орус хакерлери” менен күрөшкөн, Wi-Fi тараткан аба шарларын учуруу долбоорун жетектеген. Тилек Мамутов кыргыз тилинин Google котормочуга киргизилишине салым кошкондордун бири.

Бирок ал иштегенге бардык шарттары бар, маянасы жакшы жумуштан өзүнүн стартапын баштоо үчүн 2018-жылы кетип калган. Ошондон тарта ал Google, Microsoft, Facebook, Bloomberg, Amazon жана башка ири компанияларда иштегиси келген КМШ өлкөлөрүнүн таланттуу адистерине көмөктөшүп келет. Учурда ал Америкада иштөөнү калагандар үчүн маекке даярданууга жана жумушка кирүүгө жардам берет.

Жылдыз Сыр

Жылдыз Сыр Англиядагы Стаффордшир университетин “бизнести башкаруу жана маркетинг” адистиги боюнча аяктаган. Франциялык StarOfService компаниясында SEO-адис жана өнүгүү боюнча инженер болуп иштеген. Google компаниясында иштөө тууралуу катты былтыр алган.

Назик Жумалиева

Назик Жумалиева 2018-жылдын май айында Google компаниясына жумушка кирген. Кыргыз-орус славян университетинин “экономика” факультетин аяктаган. Тоо-кен тармагында 6 жыл иштегенден кийин IT тармакка өтүүнү чечкен. Пенсильвания университетинин алдындагы Уортон бизнес мектебинде билим алган.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Exit mobile version