Иорданиянын борбору Амман шаарында күрөш боюнча Азия чемпионаты өтүүдө. Чемпионат 25-мартта башталып, мелдештин биринчи жана экинчи күнүндө грек-рим балбандарынын таймаштары өттү.
Бул мелдешке Кыргызстандан ар бир салмактан бирден спортчу, жалпы 10 балбан барды. Алардын ичинен Раззак Бейшекеев (67 кг) күмүш жана Ырыскелди Максатбек уулу (77 кг) коло утуп, кураманын куржунуна эки медаль салышты.
Айтпаса да түшүнүктүү болуш керек, бул Азия биринчилиги Кыргызстандын грек-рим балбандары үчүн ийгиликсиз чемпионаттардын бири болду. Акыркы өткөн 10 Азия чемпионатын алып карасак, грек-рим балбандары 2017-жылы гана 2 коло уткан болбосо, калгандарында жыйынтык мынчалык начар болгон эмес.
Аталган мелдешке Акжол Махмудов (77 кг), Жоламан Шаршенбеков (60), Үзүр Жусупбеков (97 кг) сыяктуу тажрыйбалуу балбандар барбаганын да белгилеп кетүү керек. Аммандагы Азия чемпионатына барган курамада негизинен жаш балбандар болду. Ошол эле учурда алар быйылкы Кыргызстандын биринчилигин уткан өлкө чемпиондору экенин айта кетүү зарыл. Алар мелдешке жаңы машыктыруучулар штабы жетектеп барды: башкы машыктыруучу Уран Жузуп уулу, улук машыктыруучу Азат Бейшебеков жана улук машыктыруучу (23 жашка чейинки балбандардын машыктыруучусу (U-23) Атай Замирбеков. Азия чемпионаты жаңы машыктыруучулар үчүн грек-рим балбандары катышкан экинчи мелдеш болду. Биринчи турнири Албанияда өткөн рейтингдик мелдеш болгон. Анда балбандар 2 алтын, 1 күмүш жана 2 коло уткан.
Грек-рим балбандарынын 2016-жылдан бери Азия чемпионатында уткан медалдары:
2025-жыл, Амман
- Медалдар: 1 күмүш, 1 коло
- Алтын: жок
- Күмүш: Раззак Бейшекеев (67 кг)
- Коло: Ырыскелди Максатбек уулу (77 кг)
2024-жыл, Бишкек
- Медалдар: 1 алтын, 2 күмүш, 3 коло
- Алтын: Жоламан Шаршенбеков (60 кг)
- Күмүш: Раззак Бейшекеев (67 кг), Акжол Махмудов (77 кг)
- Коло: Улан Муратбек уулу (55 кг), Бекзат Орункул уулу (82 кг), Эрлан Манатбеков (130 кг)
2023-жыл, Астана
- Медалдар: 2 алтын, 1 күмүш, 3 коло
- Алтын: Жоламан Шаршенбеков (60 кг), Акжол Махмудов (77 кг), 82 кг салмакта Акылбек Талантбеков алтын уткан, бирок кызытма колдонгон деп медалынан ажыратылган, күрөшттөн четтетилген.
- Күмүш: Үзүр Жусупбеков (97 кг)
- Коло: Раззак Бейшекеев (67 кг), Адилхан Нурланбеков (72 кг), Роман Ким (130 кг)
2022-жыл, Улан-Батор
- Медалдар: 3 алтын, 3 коло
- Алтын: Жоламан Шаршенбеков (60 кг), Акжол Махмудов (77 кг), Тынар Шаршенбеков (63 кг),
- Күмүш: жок
- Коло: Адилхан Нурланбеков (72 кг), Роман Ким (130 кг), Үзүр Жусупбеков (97 кг)
2021-жыл, Алматы
- Медалдар: 3 күмүш, 5 коло
- Алтын: жок
- Күмүш: Руслан Царев (72 кг), Калидин Асыкеев (82 кг), Атабек Азисбеков (87 кг)
- Коло: Нурмухаммет Абдуллаев (55 кг), Амантур Исмаилов (67 кг), Кайратбек Түгөлбаев (77 кг), Бексултан Махмудов (97 кг), Мурат Рамонов (130 кг)
Шаршенбеков, Махмудов жана Жусупбеков Олимпиадага лицензия бере турган мелдешке катышып, ал Азия биринчилиги менен удаа өткөндүктөн, балбандар чемпионатка катышкан эмес.
2020-жыл, Нью-Дели
- Медалдар: 2 күмүш, 3 коло
- Алтын: жок
- Күмүш: Жоламан Шаршенбеков (60 кг), Азат Салидинов (87 кг)
- Коло: Руслан Царев (72 кг), Ренат Иляз уулу (77 кг), Роман Ким (130 кг)
Махмудов катышкан эмес.
2019-жыл, Сиань
- Медалдар: 1 алтын, 3 коло
- Алтын: Үзүр Жусупбеков (97 кг)
- Күмүш: жок
- Коло: Асан Сулайманов (55 кг), Руслан Царев (72 кг), Мурат Рамонов (130 кг)
Махмудов менен Шаршенбеков катышкан эмес.
2018-жыл, Бишкек
- Медалдар: 1 алтын, 3 күмүш, 4 коло
- Алтын: Акжол Махмудов (72 кг)
- Күмүш: Жоламан Шаршенбеков (55 кг), Урматбек Аматов (63 кг), Атабек Азисбеков (82 кг)
- Коло: Каныбек Жолчубеков (60 кг), Азат Бейшебеков (87 кг), Үзүр Жусупбеков (97 кг), Мурат Рамонво (130 кг)
Махмудов менен Шаршенбеков чоңдор арасындагы Азия чемпионатына биринчи жолу катышкан.
2017-жыл, Нью-Дели
- Медалдар: 2 коло
- Алтын: жок
- Күмүш: жок
- Коло: Нургазы Асангулов (71 кг), Самат Шырдаков (80 кг)
2016-жыл, Бангкок
- Медалдар: 2 алтын, күмүш, 2 коло
- Алтын: Каныбек Жолчубеков (59 кг), Жанарбек Кенжеев (85 кг)
- Күмуш: Мурат Рамонов (130 кг)
- Коло: Руслан Царев (75 кг), Үзүр Жусупбеков (98 кг)