Грек-рим күрөшү боюнча Кыргызстандын курамасы Азия чемпионатында 3-орунду ээледи. Бул тууралуу дене тарбия жана спорт агенттиги кабарлады.
Маалыматта айтылгандай, 17 жашка чейинки уландар арасында жакында жыйынтыкталган вьетнамдык турнирде Кыргызстандын командасы командалык эсепте 3-орунду ээледи.
Биздин спортчулар 2 алтын, 3 күмүш жана 2 коло медалга ээ болушту.
1-орун — Өзбекстан, 2-орун — Казакстан. Эртең эркин күрөш боюнча мелдештер башталат.