Site icon Reporter.kg

Грек-рим күрөшү: Кыргызстан Азия чемпиондугунда 2-орунду ээледи

Грек-рим күрөшү боюнча Кыргызстандын курама командасы Казакстанда өткөн Азия чемпионатында 2-орунду ээледи.

Турнир ушул тапта Астанада өтүп жатат.

9-10-апрель күндөрү грек-рим күрөшү боюнча мелдештер өтүп, жалпысынан 10 комплект медаль ойнотулду.

Килемге Кыргызстандан 10 спортчу чыгып, алар 7 медаль — 3 алтын, 1 күмүш жана 3 коло байгеге ээ болушту.

Натыйжада 166 упай топтоп, командалык эсепте 2-орунду ээлөөгө мүмкүндүк берди.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

 

Exit mobile version