Site icon Reporter.kg

Грета Тунберг Түндүк кеңештин экологиялык сыйлыгынан баш тартты

Экология маселесин козгоп жүргөн  швециялык активист кыз Грета Тунберг Түндүк Европа мамлекеттери тарабынан түзүлгөн Түндүк кеңештин экологиялык сыйлыгын жана 52 миң долларын алуудан баш тартты. Бул тууралуу РИА новости басылмасы жазды.

Ал сыйлыктан баш тартуусунун себебин, «климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөштө сөздөн ишке өтүүнүн убактысы келди” деп түшүндүргөн.

“Климаттык өзгөрүү мындан  ары эч кандай сыйлык талап кылбайт”, — деп жазган Тунберг өзүнүн Инстаграмдагы баракчасына.


Мунун менен бирге активист, экологиялык сыйлыкка көрсөтүлүшү ал үчүн чоң сыймык экенин айтып, Түндүк кеңешке ыраазычылыгын да билдирип өткөн.

Түндүк кеңештин экологиялык сыйлыгы жыл сайын айлана чөйрөнү коргоого жана жаратылыш байлыктарын сактоого салым кошкон Скандинавия аралындагы өлкөлөрдөн келген уюмдарга жана жеке адамдарга берилет.

Талапкерлердин арасынан жеңүүчүнү аныктай турган комитет курамына Норвегия, Финляндия, Швеция, Исландия, Гренландия, Дания жана Фарер, Аланд аралдарынан келген 13 адам кирет.

Белгилей кетсек, активист Грета Тунберг Нью-Йорк шаарында өткөн Бириккен Улуттар Уюмунун климаттын өзгөрүшүнө арналган жыйынында экологиялык кризис тууралуу көзүнө жаш ала сүйлөгөнү менен дүйнө жүзүнө таанымал болгон.

Exit mobile version