Site icon Reporter.kg

Грузия Саакашвилини Украинага бербейт

Грузиянын бийлиги үстүртөн соттолгон мурдагы президенти Михаил Саакашвилини Украина тарапка өткөрүп берүүнү көздөбөйт. Бул туурасында Грузиянын вице-президенти Тея Цулукиани журналисттер менен жолугушканда айткан.

Саакашвили 1-октябрда Грузиядан кармалган. Ал учурда абакта ачкачылык кармап жатат. Абалы жакшы. Ал бир канча кылмышка шектүү делип үстүнөн соттолгон. Украинанын жарандыгын алган. 2004-2013-жылдар аралыгында Грузияны башкарган.

Exit mobile version