Site icon Reporter.kg

Грузиядагы митинг. Зурабишвили отставкага кетүүдөн баш тартты

Грузиянын президенти Саломе Зурабишвили мандатынын мөөнөтү аяктаганына карабай отставкага кетүүдөн баш тартты, анткени ал парламент “легитимсиз” деп эсептейт.

Зурабишвилинин айтымында, анын мандаты мыйзамдуу шайланган парламент келгенге чейин уланат.

Буга чейин атайын күчтөр Тбилисидеги парламент имаратынын жанында демонстранттарды тарата баштаган жана коопсуздук күчтөрү суу аткычтарды колдонгон. Демонстранттар Грузиянын башкаруучу партиясынын республиканын Евробиримдикке кошулуу процессин убактылуу токтотуу чечимине каршы чыгышууда. 28-ноябрда кечинде нааразылык акциясына өлкө президенти Зурабишвили да кошулган.

28-ноябрда кечинде грузин өкмөтү Евробиримдикке кирүү боюнча сүйлөшүүлөр 2028-жылдын аягына чейин жүрбөйт деген чечим чыгарган.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Exit mobile version