Грузиядан алып келген унаага Армениянын номурун тагып жүргөн айдоочу кармалды

Грузиядан алып келген унаага Армениянын номурун тагып жүргөн айдоочу кармалды

Бишкек-Ош жолунда Грузиядан алып келген унаага Армениянын номурун тагып жүргөн айдоочу кармалды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын  Жалал-Абад облустук бөлүмүнүн басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, 9-мартта Бишкек-Ош унаа жолунун Токтогул районундагы аймагында «Хонда-фит» үлгүсүндөгү мамлекеттик белгиси 01 КО-055 (Армения) сандуу автоунаасын жол эрежелерин бузгандыгы үчүн токтоткон.

“1981-жылы туулган Ж.М. аттуу айдоочунун документтерин текшерүү учурунда, кенже инспектору Б.Тентимишов тарабынан, аталган автоунаанын мамлекеттик белгиси жалган номур экендиги аныкталган. Маалым болгондой, автоунаанын айдоочусу Грузия мамлекетинин транзиттик  5594-HY сандуу номур жана ушул аталган номурга тиешелүү документтерин көрсөткөн”, — деп айтылат маалыматта.

Мындан улам, автоунаа айып короого токтотулуп, айдоочу тергөө бөлүмүнө өткөрүлүп берилген.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>