Гуанчжоу шаарынан Кыргызстанга гуманитардык жардамдын экинчи партиясы жөнөтүлдү

Гуанчжоу шаарынан Кыргызстанга гуманитардык жардамдын экинчи партиясы жөнөтүлдү

20-апрелде Кыргызстанга Кытайдын Гуанчжоу шаарынын элдик өкмөтүнөн Гуандун провинциясынын Курулуш жана жасалгалоо материалдарын өндүрүүчүлөр ассоциациясынын бир катар компаниялары тарабынан даярдалган гуманитардык жардамдын экинчи партиясы жөнөтүлдү.

Республикалык штабдын маалыматы боюнча, гуманитардык жардам коронавирус инфекциясынын эпидемиясына каршы күрөшүүдөгү медицина кызматкерлери үчүн жеке коргонуу каражаттарды, беткаптарды, термометрлерди өзүнө камтыйт жана Бишкек, Ош шаарларына багытталат. Жүк «Жакын болуу үчүн аралык тоскоолдук кылбайт, биз кыйынчылыктарды чогуу жеңебиз», «Биргеликте күрөшөбүз!» деген ураандар менен коштолот

Буга чейин жардамдар Фошань шаарынын элдик өкмөтүнөн Ош шаарына көрсөтүлгөн болчу.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>