Site icon Reporter.kg

Гуанчжоу шаарында Соода-өнөр жай палатасынын өкүлчүлүгү ачылды

Гуанчжоу шаарында Кыргызстандын Соода-өнөр жай палатасынын өкүлчүлүгү ачылды. Бул тууралуу уюмдун жетекчиси Темир Сариев билдирди.

Анын айтымында, жаңы кеңсе ишкерлер үчүн маанилүү жолугушуу пунктуна айланып, алар жаңы өнөктөштөрдү таап, маанилүү маселелерди чече алышат.

Соода-өнөр жай палатасынын Гуанчжоудогу өкүлү болуп Мээрим Кожокматова дайындалган.

Палата Кытайда өзүнүн катышуусун жигердүү кеңейтүүнү көздөйт.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Exit mobile version