Губернатор: Өзүн өрттөйбүз деген аялдар жоопко тартылбайт

Губернатор: Өзүн өрттөйбүз деген аялдар жоопко тартылбайт

Чүйдүн Аламүдүн районуна караштуу Пригородный айыл өкмөтүнүн имаратына өздөрүн өрттөйбүз деген аялдар жоопко тартылбайт. Бул тууралуу өкмөттүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эркин Тентишев окуя болгон жерге барганда билдирген.

“Имаратты басып алган аялдар жоопко тартылбайт. Бардык көйгөйлөр ишемби күнү саат 10:00дө премьер-министр менен боло турган жолугушууда чечилет”, — деген ал.

Белгилей кетсек, Чүйдүн Аламүдүн районуна караштуу Пригородный айыл өкмөтүнүн имаратында 15тей аял өздөрүн өрттөгөнү жатканы айтылган. Ошондой эле алар 5 талап коюп, аны аткарууну талап кылышкан.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>