Site icon Reporter.kg

Гуля Алмамбетова: Коронавируска чалдыккан чиновниктер дарыгерлерди «кыйнап» жатат

Коронавирус менен ооруган чиновниктер эпидемиологдор менен дарыгерлерди алардын үйүнө келип, туугандарын текшерүүнү талап кылышууда. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэринин кеңешчиси Гуля Алмамбетова “Твиттерге” жазды.

Алмамбетованын айтуусунда, аткаминерлер саламаттык сактоо министрлигинен атайын койкаларды да талап кылышууда.

Белгилей кетсек, Республикалык штаб дарыгерлер күнү-түнү иштеп жатканын маалымдаган.

Exit mobile version