Site icon Reporter.kg

Гүлчөдөгү Алымбек Датка сейил багы 22,2 млн сомго оңдоп-түзөөдөн өтөт

Ош облусунун Гүлчө айылындагы Алымбек Датка сейил багы оңдоп-түзөөдөн өтөт. Оңдоо иштерин жүргүзө турган компанияны аныктоо үчүн тендер жарыяланды.

Сейил бакты оңдоп-түзөөгө 22 млн 295,2 миң сом каралган.

Сынак боюнча арыздар 19-июлга чейин кабыл алынат.

Тендерди Гүлчөнүн айыл өкмөтү жарыялады.

Exit mobile version