Гүлшайыр Садыбакасова директорлук кызматынан бошотулду

Гүлшайыр Садыбакасова Рысбай Абдыкадыров атындагы Ош облустук филармониясынын директорлук кызматынан бошотулду. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Садыбакасова бул кызматты 2000-жылдан бери аркалап келген. Буга байланыштуу аталган министрлик  Рыспай Абдыкадыров атындагы Ош облустук филармониясынын директору бош кызмат орунуна документтерди кабыл алууну жарыялады. Биздин Телеграм каналга катталыңыз