Site icon Reporter.kg

Гүлзат Мамытбек алдамчылыкка шектелип камакка алынды

Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук ички иштер башкармалыгына 7 жаран кайрылып, А.Г.га (Гүлзат Мамытбек) чара көрүүнү суранышкан. Келтирилген зыяндын жалпы суммасы 110 миң доллардан ашат.

Бул фактылар Биринчи Май РИИБге катталып, КР Кылмыш-жаза кодексинин 204-беренесинин (Алдамчылык) негизинде сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.

Алынган маалымат боюнча, А.Г. аттуу жаран 2020-жылдын февраль айынын башында Кыргызстандын аймагынан чыгып кеткен.

2020-жылдын 13-июлунда Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту А.Г. сырттан баш коргоо чарасы №1-СИЗОго камакка алуу түрүндө тандалган.

2020-жылдын 8-августунда А.Г. кылмышка шектүүнү издөөгө байланыштуу КР Кылмыш-процессуалдык кодексинин 237-беренесине ылайык убактылуу токтотулган.

2021-жылдын 25-октябрында А.Г.Кыргызстанга келгенде кармалып, Биринчи Май районунун ИИБнын тергөө кызматына алынып, Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 98-беренесине ылайык, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Учурда тергөө иштери уланууда.

Exit mobile version