Хабиб Гейджини жеңгенден кийинки алгачкы таасирдүү билдирүүсүн жазды

Хабиб Гейджини жеңгенден кийинки алгачкы таасирдүү билдирүүсүн жазды

Орусиялык Хабиб Нурмагомедов өзүнүн «Инстаграм» баракчасында америкалык Джастин Гейджини жеңгенден кийинки биринчи билдирүүсүн жарыялады.

Ал маркум атасына ыраазычылыгын билдирди.

«Кудуреттүү Кудай сенин үстүңдө турганда, сени эч нерсе буза албайт. Ата, ушул жашоодо мага үйрөткөнүңдүн бардыгы үчүн рахмат. Аллах сага бейиштин эң жогорку даражасын берсин», — деп жазган Нурмагомедов.

24-октябрда Абу-Дабидеги Яс аралында өткөн UFC 254 турниринде Хабиб Нурмагомедов менен америкалык мушкер Жастин Гэйтжи беттешти. Анда Нурмагомедов беттештин экинчи бөлүгүнүн башында Гэйджини муунтуу ыкмасы менен утуп алган. Мушташтан кийин орусиялык спортчу карьерасын токтотоорун жарыялаган. 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>