Site icon Reporter.kg

Хабиб Нурмагомедов АКШ мушкерин жеңип, чемпиондук курун сактап калды

Орусиялык мушкер Хабиб Нурмагомедов АКШ мушкери Дастин Порьени жеңип  чемпиондук курун сактап калды.

UFC турниринин кезектеги беттеши 8-сентябрга караган түнү Абу-Даби шаарында өтүп, беттештин үчүнчү бөлүгүндө Нурмагомедов муунтуу ыкмасы менен каршылашын жеңип алды.

Белгилей кетсек, Хабиб Нурмагомедов 28 жолу беттеш өткөрүп, бир да жолу жеңилүү ызасын тарта элек. Ал эми Дастин Порье алтынчы жолу жеңилүү ызасын тартып отурат. Ал жалпысынан 31 беттеш өткөргөн.

Exit mobile version