Хабиб Нурмагомедов күзүндө чемпиондук курун коргой тургандыгын ырастады

Хабиб Нурмагомедов күзүндө чемпиондук курун коргой тургандыгын ырастады

Орусиялык мушкер Хабиб Нурмогамедов күзүндө UFC уюмунун чемпиондук курун сактап калуу үчүн беттешке чыгат. Бул тууралуу  чет элдик Sportbox сайтына мушкер өзү тастыктаган.

«Мен күн сайын машыгам, анткени билем атама менин ар дайым формамда болуп турганым жагат. Мен машыгуумду атам үчүн таштап салсам, ага жакпай турганын билем. Машыгуу мага стресстен арылууга жана башка нерселерден алыс болууга жардам берет. Күзүндө беттештерге кайтып, өзүмдүн титулумду коргойм», — деп маалымдаган мушкер.

Эске салсак, май айында UFC 249 алкагында Тони Фергюсон менен болгон беттешүүдө Хабиб Нурмагомедовду алмаштырган америкалык мушкер Жастин Гатжи убактылуу чемпион титулунун ээси болуп, орусиялык мушкер менен күрөшүү укугун алган.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , СПОРТ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>