Site icon Reporter.kg

Хабиб Нурмагомедов карьерасын расмий жыйынтыктады

UFC президенти Дана Уайт орусиялык мушкер Хабиб Нурмагомедов карьерасын расмий түрдө жыйынтыктаганын билдирди. Буга чейин уюмдун башчысы Нурмагомедовдун кайтып келерин айтып келген.

29-0, бул ушундай. Ал 100 пайыз кепилдик менен карьерасын расмий түрдө жыйынтыктады. Сенин кантип мээнет кылганыңы көрүү укмуш болду. Хабиб, баардыгы үчүн рахмат, жашооңдун кийинки баскычындагы нерселердин баарынан ырахат ал”, — деген Уайт.

Хабиб Нурмагомедов 2020-жылдын октябрь айында америкалык Жастин Гейтджни жеңип, чемпиондук үчүнчү ирет коргогондон кийин карьерасын жыйынтыктаган. Мушкер 29 беттеш өткөрүп, анын баарында жеңишке жеткен.

Exit mobile version