Хабиб Нурмагомедов Кыргызстанга качан келери белгилүү болду

Хабиб Нурмагомедов Кыргызстанга качан келери белгилүү болду

Орусиялык мушкер, UFC’нин чемпиону Хабиб Нурмагомедов машыктыруучусу Хавьер Мендес менен Кыргызстанга 2021-жылдын март айында келет. Бул тууралуу мушкер өзү Москвада өткөн маалымат жыйында билдирген.

Мушкер чет өлкөлөр менен түзгөн келишимдер көп экенин айтып, март айында Бишкекке ал эми майда Ташкент шаарына бара турганын белгиледи.

 Буга чейин Нурмагомедовдун машыктыруучусу Мендес Инстаграм  баракчасына Кыргызстанды кайрадан көргүсү келип жатканын кыргыз ишкери менен жолукканда айткан.

«Кереметтүү Кыргызстанга барууну чыдамсыздык менен күтүп жатам. Анда көк бөрү оюнун да көрсөк», — деген Мендес.

Хабиб Нурмагомедов Кыргызстанга 2018-жылдын январь айында атасы Абдулманап Нурмагомедов менен чогуу келип кеткен.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , СПОРТ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>