Хабиб Нурмагомедов менен Джастин Гатжи кайсы күнү мушташары белгилүү болду

Хабиб Нурмагомедов менен Джастин Гатжи кайсы күнү мушташары белгилүү болду

Абсолюттук Күрөш Чемпионатынын (UFC) президенти Дана Уайт орусиялык мушкер Хабиб Нурмагомедов менен америкалык Джастин Гатжи арасындагы жеңил салмактагы кур үчүн таймаштын жаңы күнүн жарыялады. Бул тууралуу MMA Fighting кабарлады.

Кармаш 24-октябрда болот. Кайсы жерде өтөөрү аталган эмес.

Хабиб Нурмагомедовдун атасы каза болгондон кийин, мушкердин мындан аркы карьерасы белгисиз абалда эле. Башында Нурмагомедов менен Гатжи ортосундагы мушташ сентябрь айында өтүшү керек болчу. Хабиб Нурмагомедов карьерасын токтотушу мүмкүн деген имиштер да айтылган.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , СПОРТ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>